Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде болгон мушташ иликтенүүдө

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде болгон мушташ иликтенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин пансионатта болгон окуянын видеосу интернетке чыгып, коомчулук арасында кызуу талкууланган. Видеодо казак жарандары менен кыргыз жарандарынын мушташып жатканы көрсөтүлгөн. Бул окуя тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына кайрылганыбызда, басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов буларга токтолду: “Бизге ал окуя тууралуу эч кимден арыз түшө элек. Интернетте талкуу жараткандыктан, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жөнөтүлгөн. Алар мушташ 18-июль күнү пансионаттын кире беришинде болгонун такташкан”.

Азырынча мушташтын келип чыгуу себептери толук аныктала элек. Божомолдорго караганда, башка пансионатта эс алып жүрүшкөн казак жарандары пансионаттын аймагына эч кандай акы төлөбөй кирүүгө аракет кылышкан.

Пансионаттын аймагына кирүү акысы 20 сом экен. Мушташ ошол кирүү акысынан улам чыгышы толук ыктымал. Бүгүнкү күнү пансионаттын эки коопсуздук кызматкеринин аты-жөнү такталган. Ал эми казак жарандарынын аты-жөнүн тактоого мүмкүн болгон эмес. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө”, - деп кошумчалады Сталбек Усубакунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
MTu
2016-07-28 11:23:09
Ошол нерсени корбогон сокурчулук ал жакта. Не только казактар менен,жакында эле биз да барып келдик тундо бир балабызды местный долбандар уруп кетиптир пансионаттын ичинде. Анан кантип турист келет деп мактанасынар. МВД сокур сокур дагы бир жолу сокур
+8
Labadax
2016-07-28 13:26:15
Акмакчылык акмакчылык жана да бир акмакчылык.
-2
chingizhan01
2016-07-28 14:20:56
Уят, уят жана уят!!! МВД кундон кунго онукпой эле артка кетип жатат. Реформалап МВДны туп тамырынан бери алмаштырыш керек.
0
tynkatar03
2016-07-28 16:09:11
бизде сонун иштейт МВД биринчи интернеттен корот эмне болгонун анан барып изилдешет))
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан