Ош облустук соту адамдарды Сириядагы согуштук аракеттерге үндөгөн жаранга өкүм чыгарды

Ош облустук соту адамдарды Сириядагы согуштук аракеттерге үндөгөн жаранга өкүм чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1996-жылы туулган Ноокат районунун И.А.Абдрахманов аттуу тургуну 2015-жылы интернет аркылуу Т.Д. аттуу адамды “Ислам мамлекети” деп аталган террордук топтун идеяларын колдоого багытталган үгүт иштерин жүргүзгөн. Т.Д. болсо Абдрахмановдун бул аракетин Ош шаардык ички иштер башкармалыгына билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде И.А.Абдрахманов Сириядагы согушка Т.Дны Ош шаарындагы аэропорттон узатып, Ноокатка кетип жаткан учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Ошол эле күнү анын үйүн тинтүү учурунда жарылуучу заттар табылган.

2016-жылдын 1-июнунда Ош шаардык соту Абдрахмановду 10 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми 21-июлда жогоруда аталган иш Ош облустук сотунун Жазык жана административдик укук бузуу иштери боюнча соттук коллегиясында каралып, Абдрахмановдун жаш курагы эске алынып, жаза өтөө мөөнөтү бир жылга кыскартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shef87
2016-07-28 12:46:38
омур бою камаш керек
+2
Kyrgyz81
2016-07-28 22:40:44
Shef87,бир жылдан кийин бошотуп жиберишпесе болду
0
Taalai94
2016-07-28 13:34:38
Ошондо Т.Д сирияда журобу?
0
kamyr26
2016-07-28 13:58:12
Taalai94,жок карматып берген
0
kadamjai1977
2016-08-01 15:05:30
Andailardi atish kerek.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан