Базар-Коргон районунда чирип калган дарак үйдү басып калып, 1 аял каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 08:00 чамасында Арстанбап айыл аймагындагы Кызыл-Алма тилкесинде каттуу шамал болуп, өзөгү чирип калган жаңгак дарагы сынып жыгылган. Натыйжада дарак турак жайдын чекесин жана убактылуу жашоочу үйдү басып калып, анда жүргөн 1963-жылы туулган Т.К. аттуу аял каза болгон.
"Учурда окуя болгон жерде райондук жана айыл аймактык Жарандык коргонуу комиссия мүчөлөрү иш алып барышууда", - деп айтылат маалыматта.