Борбор калаада катталган жол кырсыгында 5 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 17:29да "Тез жардамдын" нөөмөт бөлүмүнө Ахунбаев-Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталганы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлер 21 жаштагы кыз, 26 жаштагы эки жана 27 жаштагы эки эркек киши ар түрдүү жаракаттарды алганын аныкташкан. Жабырлануучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, алар тез арада ооруканага жеткирилишкен.