Сузак районунун Серный айылында жоголгон 4 жашар Перизат Арстанбекова бир айдан бери изделүүдө

Сузак районунун Серный айылында жоголгон 4 жашар Перизат Арстанбекова бир айдан бери табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2012-жылы 20-октябрда туулган Арстанбекова Перизат Курманбековна 27-июнь күнү саат 20:30 чамасында Сузак районунун Серный айылында чайкананын жанында ойноп жүргөн жеринен дайынсыз жоголгон.
"Милиция кызматы издөө иштерин улантууда. Наристенин жоголгонуна толук бир ай толду. Азырынча жоголгон кыз жөнүндө эч кандай маалымат жок. Издөө иштери токтотулбайт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Өзгөчө белгилери: көзү кара, чачы кыска, кара түстө, дене түзүлүшү орто. Жоголгон күнү Перизат ак түстөгү майка, көк түстөгү юбка, бутуна кызыл түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Эгерде бул кыз тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, төмөнкү телефон номурлары аркылуу билдирип коюуну суранат: (03722) 7-39-90, (0553) 78-00-78, (0555) 08-92-90, (0553) 33-33-04.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurii
2016-07-28 17:37:14
Бул кыз табылды деп атышты эле го.
0
BarsBaatyr
2016-07-28 17:58:24
Табылып эле калсын.
0
Azizbek.kg8
2016-07-28 18:49:58
Алтын башы аман болуп табылсын .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан