Таласта кудагыйын уруп, анын ден соолугуна залал келтирген аялга 30 миң сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Талас облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2015-жылдын май айында 1971-жылы туулган Венера аттуу айым турмушка чыккан 20 жаштагы кызы Ж.Гнын жашап жаткан үйүнө барып, кудагыйы А.Д. менен уруша кеткен. Натыйжада А.Днын ден соолугуна анча оор эмес залал келтирилген.
Талас райондук сотунун 26-апрелдеги өкүмү менен Ж.Венера “саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 30 миң сом айып салынган.
Ал эми 7-июль күнү Талас облустук сотунун Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырылган.