Орусияда адам өлтүрүүгө шектелип кыргыз жараны кармалды. Орусиялык ММКлардын маалыматына таянсак, 2008-жылдын май айында Якутск шаарындагы Республикалык ооруканага катуу сабалган адам келип түшкөн. Бирок жабырлануучу эсине келе албай ошол жылдын сентябрь айында каза тапкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү өлкөдөн сыртка чыгып кеткендиктен ага издөө жарыяланган.
2016-жылдын июль айында шектүү Орусиянын аймагына кирип жаткан учурда кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.