Чүйдө кыйноо боюнча айыпталган милиция кызматкерлеринин иши сотко өттү

Чүйдө кыйноо боюнча айыпталган милиция кызматкерлеринин иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери майор Н.С., ага лейтенант М.И. жана Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери капитан И.Ш., ага лейтенант А.Р. Кылмыш жаза кодексинин “кыйноо”, “көрсөтмө берүүгө мажбурлоо”, “далилдерди жасалмалоо” беренелери боюнча айыпталышууда.

Тергөөнүн жүрүшүндө жогоруда аты аталган милиция кызматкерлери 2015-жылдын 8-октябрында Бишкектеги №1-СИЗОдо К.Ж., У.А., Р.Б. жана А.И. аттуу жарандарды кыйнап, кылбаган кылмышты моюндарына алдырууга аракет кылышкан. Кылмыш катталган күнү А.И. Орусияда, У.А. ооруканада, К.Ж. жайлоодо, Р.Б. камакта болгон.

Учурда кылмыш иши Аламүдүн райондук сотунда кароодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurkyz1977
2016-07-29 16:51:28
Жазаларын жакшылап алышсын мындай адамдар ак жерден куноолоп жаш балдардын тагдырына балта чаап жатышат,акчалуулар бошоп акчасы жоктор ак жеринен куйуп атышат бул жакта тарткан азабынар эч нерсе эмес,акыреттин,азабынан кутула алышпайт канча деген энелердин коз жашы тогулуп жатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан