Ошто нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен шаардык соттун айланасын сел каптады. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 28-июль күнү саат 16:00 чамасында Ош шаарынын аймагында нөшөрлөгөн жамгыр жааган. Натыйжада Ош шаарынын Араван кичи районунда арыктарга сел суулары батпай, Ош шаардык сотунун имаратынын айланасын жана Шакиров, Мамыров, Алиев көчөлөрүндөгү турак үйлөрдү каптаган.
Арыктар жана суу түтүктөрү Ош шаардык жарандык коргонуу кызматынын коммуналдык-техникалык кызматы тарабынан тазаланып, сел суулары өз нугуна бурулган.