Бишкекти айланып өтүүчү жолдо эки унаа сүзүшүп, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, кырсык бүгүн таңга маал саат 04:00 чамасында болгон. Анда Алматы көчөсү менен Бишкекти айланып өтүүчү жолдун кесилишинде жеңил унаа менен автобус сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаанын ичиндеги айдоочу каза таап, эки жүргүнчү жабыркаган. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.