Кечээ, 28-июлда Нарындагы Ак-Талаа районунун Баетов айылында болжол менен саат 20:00дөн 21:00гө чейин болгон катуу жаан-чачындын айынан айылдын түштүк жагында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 29-июлда билдирди.
"Туура каналындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, көп жылдык чөп менен эгиндерди баткак аралаш суу каптады", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Райондук суу чарбасынын техникасынын жардамы менен канал тазаланып, суу өзөнү бекитилгени маалым болду.
"Бүгүндөн баштап райондун Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзөт, дагы кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти министрликтен.