Тянь-Шань карагайларын мыйзамсыз кыйган жаранды сот 5 миң сом айыпка жыкты

Тянь-Шань карагайларын мыйзамсыз кыйган жаранды сот 5 миң сом айыпка жыкты. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы 29-июлда билдирди.

Маалым болгондой, К. уулу Жылдызбек 2015-жылдын декабрь айында Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылына караштуу Коргон аймагынан 3 түп Тянь-Шань карагайын мыйзамсыз кыйып, турак жайына жумшоону максат кылган. Натыйжада мамлекетке 17 625 сомдук материалдык зыян келтирилип, келтирилген зыян толугу менен төлөнүп берилген. Аталган кылмыш иши Ак-Талаа райондук сотунда каралды. Сот отурумунда соттолуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, экинчи мындай ишке барбастыгын көрсөтүп, жеңил жаза чектөөнү сураган.

Сот иштин ичиндеги материалдарды иликтеп, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угуп, жаза белгилөөдө соттолуучу күнөөсүн мойнуна алып өкүнгөнүн, зыяндын орду төлөнгөнүн, жаш курагын, үй-бүлөлүк абалын эске алуу менен 5 миң сом айып төлөм салды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
travma
2016-07-30 00:25:38
Аз эмесби
0
Nukeww
2016-07-30 02:28:23
5мин сом? аз.
0
Kroxa
2016-08-01 09:41:06
Бизде Ак суудан кармалганда бир туп карагайга 100 мин салып еще камап салган бул эмне 5 мин толоп койум кайра кыя берет крышасы чон го,мыйзам бирдейби же кандай кызык..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан