"Аскердик кафедрага окууга өткөрүп берем" деп шаар тургунунун 2500 долларын алып качып кеткен аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы 29-июлда кабарлады.
Маалым болгондой, 28-июль күнү арыз менен Ленин районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 33 жаштагы тургуну С.Ж. кайрылган. Ал 2015-жылдын апрель айында Б. аттуу чала тааныш аял "окуучуну аскер кафедрасына өткөрүп берем" деп ишеничине кирип, алдоо жолу менен 2500 долларын алып качып кеткенин айткан.
Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам иш-аракеттин негизинде 36 жаштагы Ж.Б. аттуу аял кармалып, Ленин районунун тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Тергөө убагында аталган жарандын ушуга окшош дагы бир кылмыш ишине катышы бар экендиги аныкталды.