Сот Курманбек Бакиев боюнча жазаны өзгөртүп, 30 жылга камакка алуу чечимин чыгарды

Бүгүн, 29-июлда Жогорку Соттун соттук коллегиясы 2010-жылдагы Апрель окуялары боюнча өкүмүн чыгарды. Жогорку Соттон билдиришкендей, мурдагы президент Курманбек Бакиевге карата чечимди өзгөртүп, ал 30 жылга эркинен ажыратылды. Буга чейин Аскердик сот аны өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган эле. Өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы 60 жаштан ашкан адамга колдонулбагандыктан, Курманбек Бакиевге карата жаза өзгөрдү. Курманбек Бакиев 2010-жылы 61 жашта болгон.

Ал эми Аскердик соттун Эльмурза Сатыбалдиев, Каныбек Жороев жана Нурлан Турсункуловго карата мунапыс кабыл алуусу жокко чыгарылды. Андан сырткары Жаныш Бакиев менен Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү күчүндө калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (119)
Zaika10
2016-07-30 09:31:01
Курманбек Бакиев татыктуу эле президентке! Аны баласы менен туугандары эле жаман атты кылып койду. А баса эмне учун коментарий жазса болот да азыркы жугунду ичер бийликтегилерге жазайын десен талкуу жабык болуп калат?!Ойлошот окшойт баары эле жек корот деп,жогорудагы комментарий жазгандардын копчулугу колдоорун жазышыптыр эми окуп не дешээр экен? Азыркы бийликти эч ким сыйлабайт жамандап жазгандарды чыгарбайт же соз эркиндигинен ажыратат,шаардан алыс кетбесин дейт,сайттарын жабат айтаберсе толту
-3
DAF-077
2016-07-31 05:44:48
Zaika10,туптуура айтасын Бакиев АШАга караганда кадыры бийик а АШАнын кадыры атка минер кошоматчыларга эле калган карапайым эл Бакиевти сыйлайт
+2
vangolu
2016-07-30 09:50:00
бакииптин доорунда жакшы жошоо деп жазгандарга тан калам.свети жок отурганынарды унуттунарбы.Атамбаев мыкты душасы таза президент.Канкорлукка барбайт.бакиип аканарды колдогондор просто не благодарные люди
-7
meerimma84
2016-07-30 11:11:33
vangolu, азыр жыргап журоткенсинда сенда душан тазаланыыып. 5жыл отту эч кандай жылыш жок. кайра эл агылып талаалап чет олкого чыгып кетти. болбогон окшобогон нерсени жазбачы адамды кулкусун келтирип
+5
vangolu
2016-07-30 11:16:05
meerimma84,бакиптин убагында деле чет олколоп журчубуз.азыр деген канчалаган жолдор ондолду.свет очпойт жыргап ле калдык бакип кетип
-7
Zaika10
2016-07-30 11:56:24
vangolu,оа свет очбойт бирок эки эсе коп толойсун
+7
Frunze74
2016-07-30 12:22:03
Zaika10, туура, Бакиев кетээрде свет очуп, ар бир звонокко кошумча 60 тыйындан толоп калганбыз, азыр болсо 2-3 эселеп толоп жатабыз. Мигранттар жылдан жылга кобойуудо оор жашоодон улам. Акаеви да, Бакиеви да, Отунбаева менен Атамбаеви да жыргаткан жок, эч бири эл учун кызмат кылбады. Кайра элди талап-тоношту. Акаев чыйыр салган ири Кумтор аферасы бугун да иштеп жатат. Элестеткиле, силер Канада же Кытайга барып, келгиле мен силерде алтын казайын, алтындын 2/3 мага деп коргулочу эмне дээр экен!
+6
DAF-077
2016-07-31 05:50:41
meerimma84,укканын жазып жатат да өзү 36 тамганы туура жаза деле албайт экен
+2
DAF-077
2016-07-31 05:48:56
vangolu,Бакиев куруп кеткен ГЭСти сенин байкең күнүн көрүп элге кошомат кылып жатат,а АШАңын колунан эч нерсе келбейт
-1
meerimma84
2016-07-30 11:07:04
сот кыларга иш таппай зермккенде эле Бакиевдин делосун ачып каалагандай озгортуп кайра жаап дегендей. Неге, кимге, эммнеге окум чыгарып атат бир резултат болбогон сон. А 61 жашта болсо неге ошондо 30жылга деп эле сразу окум чыгарбады, если 60жаштан ашкан адамга болбойт экен. Деги акыйкатты кимдир бироо айтар бекен мындай эле карап корсонор сотсуз эле билинип эле турат Бакиевдин кылбаганы. Иштин артында иш бар, создун астында соз...
0
Frunze74
2016-07-30 11:29:58
Ар бир президентти актоо учун бут куноону тегерегиндегилерге, урук-туугандарына жуктошот, как будто президенттин эч нерседен кабары жоктой, алар оздору эле чон кызматтарга келип алып жеп жаткандай. Чынында Эгемен Кыргызстандын фундаменти кыйшык куюлган. Бакиев да, Атамбаев да бир кездер Акаевдин кадры болгон, мамлекетти башкарууну ошондон сабак алышкан. КЫРГЫЗымдын бешенесине жакшы президент буюрбаптыр, ошол учун да Кыргызстаныбыз онукпой келет.
+5
bakulya2015
2016-07-30 13:27:26
ой тооба кором Атамбаев кеткенде кандай абалда калат экенсин андан да ужас болобуз. Урушту ким уюштурганын элда азыркы бийликта билет ошого Бакиевти алып келишпейт себеби анан куноосу жок,куноону баары оздорудо да ошого уялышат азыр эл алданып турган жешип алсын бир аздан сон булардында узакка созулган сериясы башталат. Мен олку башчы бул жакшы жаман дебейм болгону Бакиев эле тузукроок иштеген аны эл деле билет. Цвет бир жакшына очуп эле жатат байланышты АША азайтканы менен окуу жайлардын кашасы
-10
aidai271115
2016-07-30 15:02:20
курманбек брат молодец не когда не здавайся эл баркынызды эми билип жатат. биз сиз менен!!! элди сиз аттырган эмессиз аларды бийликти талашкандар гана аттырган. бакиевтин заманы зор болчу эми онолуп кеткен жок. ар бир адам ойлойт мен болгондо элди жыргатат элем деп. жок биз уй булону туура башкарганды уйронолу аялынарды бала чаканарды башкара албайсынарда анан 6 миллион адамды кантип башкарасын. буту жер жыттабай чарчап калышат бир туруп РФ КZ КЫТАЙ БУТ КЫДЫРЫП ИШ ЖУЗУНДО журуп молодец бакиев.
-7
Kainar20
2016-07-30 15:19:31
барынар еле мактайсынар емнеге барына коз жума карайсынар бийлик учун олгон жигиттердин емгегин балабайсынарбы бакиевти шайлат елем дейсинер бийлик учун олгон балдардын арбагын сыйлагыла жок дегенде барынар кыргызстандын бийлигине наразысынар кыргызстан онугот ынтымату болсок бизге ок аткан адамды кайра шайлайбыз деп аны кайра мактап бул нерсени итинда кылбайтко
-8
Aidai5555
2016-07-30 18:05:57
Уялбагандан өзүң уял дейт. Мен уялып жатам комменттерден. Бакиев башыңарды айлантып алган го,ээ... Ошол дунганга (дунган экени бир эмес миң жолу айтылган, изилдеп чыгышкан, кебетесинен деле көрүнүп турат) ушунчалык жан тартасыңарбы... Байкуштар, боорум ооруйт силерге...
-6
lexus47
2016-07-30 19:43:23
Aidai5555, Ооба жасаган жумушу, кылган аракети менен башыбызды айлантты!!! Же эмне Ашандын ырларына башыбыз айлансынбы? Дуйнону сел алып жатса ордок жумуртка басып жатат дегендей... Ашанар ырдагандан колу бошобой калдыго)
-2
Aidai5555
2016-07-31 00:21:37
lexus47, уялгыла, ушинтип жазгандан! Мунуңар бүтүндөй кыргыз элин, анын ичинде курман болгондорду сыйлабагандыкка жатат! Кыргызда арбак урат деген кеп бар, аны да унутпаш керек.
Деңгээлиңер ушул болсо, анда сөз жок...
-3
Aidai5555
2016-07-31 00:31:43
Ушинтип жазгандан уялгыла, уят!!! Бүткүл кыргыз элин, курман болгон 90го жакын жигиттин арбагын сыйлабагандык бул! Кыргызда арбак урат деген бар, аны эске ала жүрүш керек...
-4
lexus47
2016-07-31 00:49:51
Aidai5555,Олгон адамдарды Бакиев жетелеп келиптирби ак уйдун жанына ??? акча учун, кызыкчылык учун барышып кайтыш болуп кетишти . Ак уйдун жанына азыр тополон кылып баргын спецназдар Атамбаевинен сурабай эле атып салат керек болсо...
-3
Aidai5555
2016-07-31 01:23:35
Башкасын айтпаганда да, президент, өлкө башчысы катары атууга, адам өлүмүнө жеткиргенге жол берип, жоопкерчиликтен качып, керт башын ойлоп, элин таштай качты. Эмне болсо ошо болсун деп... Ооба, жетелеп келген эмес, жек көрүүсү ашып, чыдабай калганда аларды эч ким, эч нерсе токтото албай калган... Атканына да карабай, өлөрүнө да карабай...
-4
DAF-077
2016-07-31 06:03:54
Aidai5555,албетте АШАнын баш айлантма сууларын ичкенден кийин деп кошуп жаза бер уялбай эле
+2
Aidai5555
2016-08-01 23:45:24
DAF-077, Бакиев тезек тергизип, баласы 5 миллион коюм бар деп (анын ичинде сиз да) алдына салып алып айдап алса жакшы болмок экен, ээ... Ошондо сиздин ушинтип сүйлөгөнүңүздү көрөт элем...
-4
bakulya2015
2016-07-31 09:33:26
lexus47,туура айтасыз,азыр акча таратса дагы атышат анан дагы жалган жала айтышат.
0
DAF-077
2016-07-31 06:02:26
Aidai5555,90 жигитиңди ким аткан ал 90у эмне болуп каза тапты чын жалганын билиш кыйын,сен акылдуусуна бербечи
+1
Aidai5555
2016-07-31 22:50:07
Бакиевге карата оң пикир жазгандар кай жактын кулундары экени белгилүү жана алар абдан жердешчил келери да маалым.Чыныгы кыргыз баласы, нукура кыргыз баласы калыстыктан тайбайт, ал акты ак, караны кара, жакшыны жакшы, жаманды жаман, туураны туура, туура эмести туура эмес деп айтат.Чыныгы кыргыз калыс сөзүн айтат.Байкасам,силерде бул сапат жок калыптыр,коңшулардын(өзбек,тажик) өздөштүрүп алган окшойсуңар.Ак-караны ажыратканга үйрөнгүлө, ал силерге эле керек.
-4
lexus47
2016-08-01 00:03:31
Aidai5555, Акты ак, караны кара,сарыны сары,жашылды жашыл дегеним учун Бакиевти колдойм! Сен журобер Ашанын ырларынан кайф алып)))
+1
Aidai5555
2016-08-01 01:02:17
lexus47, "сууну сиңер жерге төк, сөздү угар жерге айт" деген кеп бар.Айла канча, душман сүйдүрүп айтат, тууган күйдүрүп айтат. Жетпесе, деңгээл ошол болсо эмне кылабыз...
-4
Aidai5555
2016-08-01 01:10:55
Дагы бир нерсени эске салайын. Бакиевдин учурунда ордо калаанын борборуна Манастын,кыргыздын душмандарын (кыргыз ушундай кабыл алат): Алооке, Нескара, Шыпшайдар, Жолой, Коңурбай баш болгон жалаң терс каармандардын айкелдери "Илбирстин" эки тарабына коюлуп,ошону жөнөкөй эл (бийликтегилер эмес) байкап,бир жумага жетпей алынган.Ушул эле канча нерсени айтып турат,түшүнгөн кишиге.Кыргыз уулу андайга жол бермек эмес,кыргызга күйбөгөнү (анткени кыргыз эмес да),дили бузук экенинин дагы бир дал
-6
Frunze74
2016-08-01 01:44:05
Aidai5555, бир элди тундук-туштукко болуун эн эле туура эмес кадам. Ансыз да азыркы "убактылуулардын" айынан эл экиге болунуп калды, сен улантпа! Бакиев дунган же калмак болсо, Атамбаев озбекпи анда. Бакиевди мен жактабайм, президент катары Кыргызстанды онуктурду деп да айта албайм. Бирок Атамбаев андан да жаман башкарууда олкону. Ал аздай мурда-кийин ырдабаган ырларын, президент болуп элдин койгойун чечуучу чакта ырдап чыгыптыр, элдин жашоосунан ырлары жогору тургансып!
+2
Aidai5555
2016-08-01 23:57:20
Frunze74,бул жерде бөлгөн эч ким жок, өзү эле кашкайып көрүнүп турат,комменттерден эле.Бакиев мамлекеттин эсебинен, мамлекеттик казынадан ийненин көзүндөй бир жакшы нерсе кылса кылгандыр, бирок ошол кылгандарын 90го жакын азаматтын, ага чейинкилердин (таламандын тал түшүндө канча адам ит аткандай атылды, бул да ошол Бакиевдин башкаруу мезгилинде болгон, эмнеге андай кандуу окуялар болду,кыскасы, колу да, жолу да кандуу болду,аны да унутуп калдыңарбы) каны менен жууп кетти.
-2
Frunze74
2016-08-02 08:41:48
Aidai5555,биринчиден ал жигиттерди ким аттырганы белгисиз, Бакиевби же "убактылууларбы"? Экинчиден каза болгондордун баары аянтта ок жегендер эмес, арасында морадерлор да бар. Учунчудон, 90 эмес 900 адам кырылган кундо да, такка отурган жаны бийлик ошол курман болгондор бийликти узурпациялоого, коррупцияга каршы туруп, олкодо озгорууну, Кыргызстандын онугуусу учун курман болгонун эсинен чыгарбоосу, эл учун иштоосу керек эле, революция оз максатына жетпеди, элдин ишеничи акталбады.
+2
Frunze74
2016-08-02 10:55:14
Aidai5555, кечке эле 90 жигитти жаза берипсин, эмне сен "Мекен шейтттериненсинби"? Макул 7-апрелде 90 жигит олуптур, Ош окуясында канча адам олуп, канчасы бир омур майып болгонунан кабарын барбы? Эмнеге бийлик апрель окуясын сага окшоп кечке кайталай берет да Ош окуясын эстегиси келбейт? Ош коогаланынын келип чыгышына ким куноолуу? Бугун бийликте отургандар эмеспи Батыровдун колуна курал карматкан бийлик учун. Батыров оз кайрылууларында туз эле "убактылууларды" куноолоп жатат
0
Frunze74
2016-08-01 01:54:50
Aidai5555, Атамбаевге бийлик элдин койгойлорун чечуу учун, Кыргызстанды онуктуруу учун, элдин жашоосун жакшыртуу учун берилген, ырдасын деп эмес. Эгер ырчы болгусу келсе президенттикти тапшырсын, анан мага десе ырдамактан ары отуп кетсин. Эл башкаруу колунан келбесе анда эмнеге президент болот?! Бакиев жаман президент болгон, Акаевке окшоп, бирок Атамбаев ал экоонон откон начар президент чыкты. 5жылда эле тышкы карызыбыз 2 эселенди. Экономика артка карай "осуудо".
+1
bakulya2015
2016-08-01 10:51:05
Frunze74,туура айтасыз,азыр карыз жана карыз болуп жатып калды.
+2
Aidai5555
2016-08-02 01:05:18
Бул жерде Бакиев тууралуу сөз болуп жатат, аны Атамбаевге салыштырып же Атамбаевди мактап жаткан жокмун.Башкасын айтпай эле коелу, Апрель окуясы канча жазылып-айтылып келет, өздөрү деле көрүшкөн,теледен болобу, кыскасы,маалыматы бар. Ошонун баарын көрүп-билип туруп, ошонун баарына көз жумуп "Бакиев жакшы, биз сизди сагындык" ж.б. деп жатышканын кандай түшүнсө болот?90го жакын жигиттин өлүмү оюнчукпу?!Объективдүү пикир деген болобу?Муну түркөйлүк деп гана түшүнсө болот,башка жооп жок.
-6
Frunze74
2016-08-01 02:02:22
Aidai5555, Кыргызстанда жумуш жоктугунан же айлык-маянанын аздынынан миллиондогон жарандарыбыз (басымдуу болугу жаштар) мигрант болуп чет жактарга кетуудо. Алардын саны жыл санап осуудо, экономикабыз жакшырса мигранттарыбыздын саны кыскарат эле го. Алардын баарында бир тилек: Кыргызстанга, Мекенине кайтып, кары ата-энелеринин, суйуктуу жубайлары, бал ширин наристелеринин жанында болуу, Кыргызстанда оз кесиптери боюнча иштоо. Ошолордун баары умут менен Кыргызстандан жанылык кутот...
+1
bakulya2015
2016-08-01 10:58:06
Frunze74,азаматсыз эн туура создор. Чындыгын окуу жайдан буткон студент толтура баары дипломду алып чет жерде иштеп журушот,бул жакта иш жок,иш болсода айлык аз. Атамбаев билим министринен созу отпосо окуу жайларды текшерсин корупцияны толук жабууга духху жетпесе тили отпосо аз болсода жок кылсын. Оздорунун балдары чет жактарда окуйт ал жакта корупция болсода билим бар. Кайсы беттери менен окуу жайда толомдорду жогору которушту кайсы билимдери учун а тазалыктыда текшерсин озу аралап текшерсе баа
+2
Aidai5555
2016-08-02 00:59:35
Frunze74,миграция жакындан баштап эле пайда боло калган жок да. Ал СССР чачырагандан бери, тагыраагы, 25 жылдан бери келаткан нерсе да.Тескерисинче,мигранттар ыңгайлашып, ыгын таап алышты,мамлекет да колдон келгенин жасап, жөнөкөйлөтүп,шарт түзүп берип жатат. Албетте,баарынын эле тилеги ошол да,өз жериңде жашап,эмгектенүү. Бирок ошол 25 жылдан бери келаткан нерсени жаңы келген президент 4-5 жыл ичинде чече алабы,ал мүмкүнбү?Менимче,бул акырындан болчу нерсе го, анан убакыт талап кылынса керек.
-5
Frunze74
2016-08-02 09:11:28
Aidai5555, Мигранттар жыргаганынан же конуп алганынан кетип жаткан жок, айласыздан кетип жатат. Кыргызстанда жумуш жок, арандан зорго тапса да маянасы аз, уй було багууга, там салууга жетпейт. Бугунку кундо мигранттарыбыздын саны 2000жылга салыштырмалуу 3-4 эсе, Бакиев доопуна салыштырмалуу 1,5-2 эсеге осту, бул эконмикабыз оспой эле артка кетип жатканынан кабар берет. Атамбаев мигранттарга эч шарт тузуп берип жаткан жери жок, бийликтин жузу Москвадагы элчиликтин иштегенин коруп кайт!
+2
Frunze74
2016-08-01 02:06:02
Aidai5555, Баарында бир умут: "Кыргызстанда жашоо онолсо биротоло кетер элем Мекениме" деген...
+2
Kainar20
2016-08-01 16:03:33
Frunze74,Айдай еже елди болуп аткан жок алар оздору болунуп жатат Бакивди талас чуй нарын кол колдобойт жаман корот кимдер коолдору корунуп калды
-3
Aidai5555
2016-08-02 01:01:22
Frunze74,ошого аракет кылынып жатат го, аздыр-көптүр,мамлекетте туруктуулук орноп, акырындан аракеттер болуп жатканын жокко чыгара албасак керек. Башкысы, кыргызды азыр эч ким "5 миллион коюм бар" же "тезек тергиле" деп басмырлабайт.
-5
Frunze74
2016-08-02 09:16:49
Aidai5555, кой созу кимге таандык экенин куудулдар да айтып журот, аны Бакиевке жамап эмне кыласын. Бакиев начар президент болгон, бирок Атамбаев Бакиевден да начар чыкты, керек болсо озун президенттей алып журууну, кандай суйлоону да билбейт. Атамбаевдин камчысын чабам деп калп айтканын бекер, мин мактасан да эл Атамбаевинин кандай иштегенин коруп-билип турат.
+2
Aidai5555
2016-08-02 23:55:52
Бир айтасыңарбы,миң айтасыңарбы,актайсыңарбы,мактайсыңарбы,сагынасыңарбы,баары бир кеч болуп калды... Анткени анын аты тарых барактарына кара тамгалар менен жазылып,"качкын президент","канкор президент","элин аткан президент" деген клеймо тагылып калган. "Жаман деген бир ат бар,жууса кеткис"... Ошол...
-1
lexus47
2016-08-03 00:41:34
Aidai5555,А сен "КЫНЫР ИШ КЫРК ЖЫЛДА БИЛИНЕТ" АК ИЙИЛЕТ, БИРОК СЫНБАЙТ" Деген макалды эсине сактап жур!!! Убакыт бар, коро жатарбыз садагасы!
-1
Aidai5555
2016-08-04 00:25:31
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт деппи ))))
Ак жол!
-2
bakulya2015
2016-08-01 10:48:32
lexus47,эн туура айтасыз. Ак ийилет,бирок сынбайт.
+2
DAF-077
2016-07-31 05:57:28
lexus47,ха ха ха ха туура жазыпсын бу АШАнын артисттик өнөрү да бар турбайбы келгиле баарыбыз колдоп КРнын эмгек сиңирген эл артистти деген наамды алып берели хахахахахах
+3
Jaloshtalnarisbatchui
2016-07-31 00:08:03
Жиндилер коп экен да.... Коом кандай болсо башкаруучусу ошондой болот дейт беле..Мен Сталинди жаман корчу элем , таш боор деп , корсо бизге ошондой башчы керек экен... Акаев да жакпайт,Бакиев да жакпайт,Атамбаев да жакпайт.... бизди эзиш керек озу, кыргыздар кутурдук капа болбогула Туштукто кундо той з..... дагы эмне керек... Тундук Туштукко болгондорго Сталиндей башчы келип,ыйлатсын..озу жыгылган ыйлабайт дейт... Ыйлатсын...
0
lexus47
2016-07-31 11:54:45
Jaloshtalnarisbatchui, Сени ыйлатаберсин макулбу? Кыргыздар эбак эле ыйлап ботон элде, ботон жерде кор турмуштун айынан сыздап журушот!!! Алар жоноткон акчаны карапайым эл эки эселеп налогко,свет,газ,суу,мусор жадакалса дем алган абасына чейн толоп жатышат... Ал акчалар тиги бордолуп багылып жаткан 120 койго расход болуп жатат... ТАК ЧТО озун ыйлап отурабер!
+1
DAF-077
2016-07-31 06:08:45
Бакиев аткан жок эгер чын эле аткан болсо мен колдойт элем,менин Бакиевке нааразычылыгым атпай кетип калгандыгы.Булар атты Бакиевке таңуулап салышты сулуу чымчык болду да калышты.Бакиев кыррып атып салыш керек эле озу
0
semo
2016-07-31 08:39:06
Отуз жылдан кийин боштондука чыгат екен да куке
0
matrisa9
2016-07-31 09:00:46
ХХХ силерге жердеш деп ХХХ коюп койсо деле мактай бересинер ХХХ. Кичине адилетту болсонор ХХХ.
-1
admin_portal
2016-08-01 12:05:27
matrisa9, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга, жана кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат! 5 күн БАНга!
0
bakulya2015
2016-07-31 09:31:51
эмне минус басышты,ужас болобуз десем минус баскандар атышты элестетип алган окшойт. А мен абалыбыз мурункуданда оор болсо керек деген ойдо айткам.
0
zhykyo
2016-07-31 13:07:47
"Ижди меняга" бериш керек ошолор таап берет.
+1
admin_portal
2016-08-01 12:51:26
tursunbaev78, жеке билдирүүлөр купуяга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан