19 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 24 жаштагы жаран колго түштү. ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, 28-июль күнү Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер бөлмүнө Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну Ы.Н. арыз менен кайрылган. Арыз ээси 27-июль күнү саат 23:00 чамасында Н. аттуу таанышы күч колдонуп, зордуктоого аракет жасаганын айткан. Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмыш иши козголгон. Ыкчам иш-аракеттин негизинде Бишкек шаарынын 24 жаштагы Б.Н. аттуу тургуну кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.