Боом капчыгайында унаа үстүнө таш кулап, бир адам каза тапты

Боом капчыгайында унаа үстүнө таш кулап, андан бир жүргүнчү каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, 30-июлда саат 03:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 142-143-чакырымында таш кулап, Хонда Степ үлгүсүндөгү унаанын үстүнө түшкөн.

Натыйжада унаадагы 1 жүргүнчү каза болуп, унаанын айдоочусу жаракат алган. Каза болгон жана жабыркаган адамдар жолдон өтүп бараткан унаалар менен 124-чакырымдагы медициналык пунктка жеткирилген. Унаада жалпы 11 адам болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Labadax
2016-07-30 13:32:08
Кудай сактасын,каза болгон адамдын жаны жаннаттан болсун жакындарына конул айтам.Эми муну да он руль экен деп чыкбаса болгону.
+4
SHAHDAR
2016-07-30 13:38:31
степте 11 адам коп эмеспи
+3
bakaiBBBB
2016-07-30 14:34:08
Негизи мындай унаада журууго закон 8 адамга гана уруксат берет а биздин таксилер эми билесинер да
-4
bom.bon
2016-07-30 16:13:43
bakaiBBBB,таш басып калса таксиде не куноо
+2
neizvesnyi
2016-07-30 18:36:34
bakaiBBBB,7 адамга
0
mambo-1984
2016-07-30 14:52:01
Буну форс мажор кырсык деп коет негизи жолду салып жатканда эч нерсени эске алышкан эместа
0
jakilik
2016-07-30 15:33:43
Такси эмес эле жон эле эс алып бараткан балдар болсо керек. 11 адам салмак беле такси деле ким отурмак эле. ...
+3
stal.ks
2016-07-30 16:26:52
ошол ташты эртераак тушуруп коюш керек да окмот
-1
Shat.88
2016-07-31 13:24:28
stal.ks,окмоттун эмне куноосу бар, оозунар конуп калган экен окмотту куноолоп, таш тушсо да, жамгыр жааса да, кун ысыса да, курсагын ачса да, уктап калсан да окмотту куноолой берип
+1
kyrgyz_girl
2016-07-30 17:12:25
Болоор иш болгондон кийин куноону бироодон издеп,кырсык деп кала беребиз! Ошо кырсыктын алдын алса болот беле тээ жол салып, жолду ишке берээр алдында.
0
saparu
2016-07-30 18:52:18
Кырсыкда,ошентсе да окмот андай коопту жерлерди текшерип туруу керек да
-1
Kroxa
2016-07-30 22:17:16
Ой кызыксынар го 11 адамбы де жалгызбы айтоор таш кулады аны эмне 11 адам салды деп таш кулайбы кырсык тоо,таш айттырбай, дегизбей кулайт го деги каза болгон жайы жаннаттан болсун,ыйманы саламат болсун,,башка не дейбиз,мен да ошол жолдон коп отом кудай сактаасын ылайым бирок жалгыз отом кундуз отом..
+1
Munar8625
2016-07-31 13:46:59
Баткен жаныбак асанбайдын жаназасыга Саат 16 00 1986жылкы доктор келип жаназага катышып кеткиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан