Чүй облусунун Москва районунда жасалма көлмөгө 19 жаштагы кыз чөгүп кеткенин 30-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, 29-июль күнү саат 11:20 чамасында аталган райондун Александровка айылындагы жасалма көлмөгө ушул эле айылдын 1997-жылы туулган Р.Х. аттуу тургуну чөгүп кеткени жөнүндө маалымат түшкөн.
Издөө иштерине ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоо борборунун куткаруучулары чыгышкан. Алар көлмөгө баргыча чөгүп кеткен кыз туугандары тарабынан табылып, суудан чыгарып алышкан.