Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Каареке айылында 29-июль күнү саат 17:45 чамасында жааган жаандын кесепетинен 1 кожолуктун 32 түп тереги кулап, сарайын басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Теректер суу жээгинде өскөндүктөн, өтө көп нымдуулук болуп, кулап калган.
Ал эми саат 17:00 чамасында БАМ ички чарбалык каналынын айрым жерлерине жылгалардан түшкөн сел калдыктары толуп калган. 30-июлда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде тактоо иштери жүргүзүлүүдө.