“Чалдыбар унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайында башка адамдын паспорту менен чет өлкөгө чыгууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 31-июль күнү 1992-жылы туулган К.Б. аттуу кыргыз жараны башка адамга тиешелүү паспорт менен чек арадан өтүүгө аракет кылган. Кармалган жарандын айтымында, ал Казакстанга барып, андан ары Орусияга өтүүгө аракет кылмак. Тиешелүү документтер толтурулуп, кыргыз жараны милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.