2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы баш аламандыкка катышкандардын бири кармалды

2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы баш аламандыкка катышкандардын бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1971-жылы туулган Ж.К. мурда козголгон кылмыш иштин негизинде 30-июль күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Мурда козголгон кылмыш иштери боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын негизинде Ж.К. кармалды", - деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Айта кетсек, 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында баш аламандык орун алып, анда ошол учурдагы өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев барымтага алынган. Мунун негизинде “барымтага кармоо”, “массалык баш аламандык”, “мамлекеттик кызматкердин өмүрүнө кол салуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ashir
2016-08-01 12:23:11
Кечее Т.К камалды эле, бугун Ж.К камалган экенда
0
roma84
2016-08-02 04:45:30
ashir, Э.К ны барымтага алган болчу деп жазбаптырда бир жолу....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан