Аксы районунда жер көчкү жүрүп, мал сарайдын жарымын басып калды

Аксы районунда жер көчкү жүрүп, мал сарайдын жарымын басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 31-июль күнү аталган райондун Чыр-Дөбө аймагында болгон.

"Анда 11 кожолукту сугат суу менен камсыз кылуу максатында курулган арыктан өткөн суу бир жак бетине сиңип, болжол менен 700 метр куб жер көчкү түшкөн. Түшкөн жер көчкү арыктын төмөн жагында жайгашкан мал сарайдын жарымын басып калган. Сарайда мал болгон эмес жана адам өмүрүнө зыян келген жок", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kalima88
2016-08-01 15:18:07
Кайсы айыл окмотто экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан