Соң-Көл жайлоосунан келе жаткан унаа Калмак ашуусунда кырсыкка кабылып, эки адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 30-июль күнү саат 23:05 чамасында болгон. Анда Соң-Көлдөн Кочкорго келе жаткан унаанын айдоочусу Калмак ашуусунда рулга ээ боло албай, натыйжада унаа 160 метр бийиктиктен кулап кеткен. Анын кесепетинен 1976-жылы туулган айдоочу Ж.Ч. жана 1975-жылы туулган Т.Э. кырсык болгон жерден каза тапкан. Ал эми 1974-жылы туулган И.К. денесинен оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Күбөлөрдүн айтымында, унаа Соң-Көл жайлоосунда өткөн Тайлак баатырдын 220 жылдыгынан келе жаткан. Ошол маалда ашууда жамгыр жаап, жол тайгак болгон.