Каракол шаардык кеңешинин төрагасына тиешелүү унаанын өрттөлүшү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Эске салсак, окуя 29-июлдан 30-июлга караган түнү Каракол шаарында болгон. Анда Каракол шаардык кеңештин төрагасы Эрлан Айсаракуновго таандык Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа белгисиз адамдар тарабынан атайын өрттөлгөн.
“Учурда “өрттөө аркылуу мүлктү атайылап жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Азырынча өрттү ким койгону аныктала элек”, - деди Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы.