Ошто Сирияга кетүүгө аракет кылган 20 жаштагы жаран аэропорттон кармалды

Ошто Сирияга кетүүгө аракет кылган жаран аэропорттон кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Кечээ, 31-июль күнү “Ош-аэропорт” көзөмөл-өткөрүү жайында Сириядагы согуштук аракеттерге катышууга аттанган 1996-жылы туулган А. уулу М. кармалган.

Кармалган жаран Орусияга барып, андан ары Сирияга кетүү ниети бар экенин айткан. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, ал Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Danik
2016-08-01 14:01:21
оххо ээ заманды бузулганын кара алда кор тиричиликтин айына кетип жатса керек.
-5
AKCAHAT
2016-08-01 18:04:35
Сирияга депорт кылып ийгиле ошоякта жыргап жашай берсин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан