Баткен облусундагы селден улам 19 турак жай авариялык абалга келди. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, 30-июль күнү кечке маал Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунун аймагында катуу жаан жаап, сел жүргөн. Анын кесепетинен 19 турак жай авариялык абалга келип, 10 чакырымга жакын ички чарбалык жолдор жабыркаган.
“Сел 3 ички чарбалык көпүрөнү, 1 жөө адамдар өтүүчү көпүрөнү жана 3 чоң көпүрөнү алып кеткен. Ошондой эле 44 турак жайдын ичине суу кирип, 5 гектардан ашык үлүш жерди кум-шагыл баскан”, - деп билдиришти ӨКМнын басма сөз кызматы.