Индиянын Орисса штатында чагылгандан 30 адам каза болуп, 36 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Бхадрак жана Баласор аймактарында кубаттуу чагылгандын ар бир соккусунан 7ден кем эмес адам каза болгон. Ошол эле күнү мындай сокку бир нече жолу кайталанып, адам өлүмүнө алып келген. Андан сырткары Кхурд аймагында болгон чагылгандан 6 адам көз жумган.
Буга чейин июнь айынын аягында түн ичиндеги чагылгандын соккусунан 100гө жакын адам каза болгон.