“Кыйноо” беренеси боюнча айыпталып жаткан үч милиция кызматкеринин иши сотко өттү

“Кыйноо” беренеси боюнча айыпталып жаткан үч милиция кызматкеринин иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

2014-жылдын 10-декабрында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн У.А., Э.К. аттуу эки кызматкери жана Чүй ОИИББинин штаттан сырткаркы кызматкери А.М. Аламүдүн РИИБинин ичинде Б.М. аттуу жаранды кыйнап, адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмышты мойнуна алдыруу аракетин көрүшкөн.

Жүргүзүлгөн соттук-медициналык жана соттук-психологиялык экспертизанын жыйынтыгында Б.Мнын ден соолугуна залал келтирилгени аныкталган.

Учурда кылмыш иши Аламүдүн райондук сотунун кароосунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
vip.kg
2016-08-01 20:17:08
уят эле ушинтип алсыз адамдарды кылбаган ишин мойнуна алдыртып эми ачык эле чыктыго, эх озунордун кадыр баркынарды эбак эле ушинтип тушургонсунор
+2
ALATOOLUK.JIGIT
2016-08-01 20:38:00
Аа,иши сотко отсо,демек кутулушуна аз калыптыр.
+1
Bek1996_01
2016-08-01 20:59:54
Шектуу болсо алдайт ал да болбосо кыйнайт да, адам олтургондор олтурдум деп шак эле сайрап береби эмне
+1
Jyrgal_msk
2016-08-02 00:08:01
Bek1996_01,А эгер адам олтурбогон эле адамды шектуу деп кармасачы?
0
vip.kg
2016-08-02 00:38:19
Bek1996_01, кайсыл жерде кордун же окудун кыйнайт деп. сага не кыйноо онойбу куноосу болсодо мыйзам турат ошол менен жооп берет аны сот мамлекеттин атынан гана окум чыгарат эч кайсы орган кызматкер министир презден кыйноого укугу жок!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан