Чүй облусунда “таксистке бычак такап, унаасын тартып алган” деп шектелгендер кармалышты

Чүй облусунда “таксистке бычак такап, унаасын тартып алган” деп шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя үстүбүздөгү жылдын 30-июль күнү саат 03:15 чамасында Новопокровка айылында болгон. Анда эки белгисиз адам 29 жаштагы А.Д. аттуу таксистти бычак менен коркутуп, Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасын айдап качып кетишкен.

“Бул факт боюнча дароо ыкчам иликтөө иштери жүрүп, Бишкек-Торугарт унаа жолунун 34-чакырымында Тойота Камри унаасы токтотулган. Бирок ичиндегилер талааны аралай качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Кылмышкерлерди издөө иштерине кинологдор тартылып, алардын жардамы менен кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Р.А. жана 22 жаштагы Г.В. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө”, - деп айтылат Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
flow23
2016-08-01 20:22:35
Эл журт референдум чындыгында болобу, атамбаев бийликте калыш учун? Ошондо жакынкы тез Арада шайлоо болот ко
-3
sirgak_92
2016-08-01 21:41:11
flow23,даанасын го в тему суйлочу э
-4
flow23
2016-08-02 12:45:08
sirgak_92,sen kishige akyl uirotkondu koi balakai,senden ec kim suragan jok.Sayasat rubrukasyn jaap salyptyr talkuu kylchu jerin, oshonu kysymdardan korkpoi ele achyp koiboibu
+1
jumatone
2016-08-02 03:43:32
билинбеген мн криминал күч экен бизде
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан