“Каракол шаарындагы баш аламандыкка катышкан” деп кармалган журналист бир айга камакка алынды

"2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы баш аламандыкка катышкан" деп кармалган журналист бир айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта журналисттин жактоочусу Номанжан Аркабаев билдирди.

Кечээ журналист Кенжебек Жумабаевдин баш коргоо чарасын Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту карап, аны УКМКнын тергөө абагында бир айга камоо чечимин чыгарды”, - деди Номанжан Аркабаев.

УКМК: "1971-жылы туулган Кенжебек Жумабаев мурда козголгон кылмыш ишинин негизинде 30-июль күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдирүү тараткан.

Ал эми жактоочу Номанжан Аркабаев журналист эч күнөөсү жок камалып жатканын айтууда.

Айта кетсек, 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында баш аламандык орун алып, анда ошол учурдагы өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев барымтага алынган. Мунун негизинде “барымтага кармоо”, “массалык баш аламандык”, “мамлекеттик кызматкердин өмүрүнө кол салуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан