Талас облусунда унаа жардан кулап кетип, 1 адам оор жаракат алып, 1 адам каза тапты

Талас облусунда унаа жардан кулап кетип, 1 адам оор жаракат алып, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 1-августта саат 19:32 чамасында Бердике баатыр айыл аймагындагы Беш-Таш жаратылыш бакчасында орун алган. Анда Жигули үлгүсүндөгү унаа жардан кулап, аккан сууга түшүп кетип, натыйжада 1 адам каза болуп, 1 адам оор жаракат алган.

"Куткаруу иштерине КРнын ӨКМнын куткаруучулары барышкан. Унааны жардын астындагы суудан чыгарганга мүмкүнчүлүк болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nukeww
2016-08-02 11:29:05
eh..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан