Ысык-Ата районунда "себепсиз ур-токмокко алган" деген шек менен 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-июль күнү милицияга арыз менен 29 жаштагы К.И. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал Кант шаарынан саат 22:00 чамасында болжол менен 25-30 жаштагы белгисиз жаран себепсиз ур-токмокко алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Е.Д. аттуу Кант шаарынын тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.