Еревандагы полиция имаратын барымтага алуу окуясы боюнча 47 адам камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта чет элдик маалымат каражаттары Армениянын күч кызматкерлерине шилтеме берүү менен жазышууда.
Маалыматка караганда, кармалган козголоңчулардын жыйырма төртүнө “адамдарды барымтага алуу”, “имараттарды ар кандай коркутуулар менен басып алуу” жана “куралды мыйзамсыз сактоо, алып жүрүү” беренелери боюнча айып тагылды.
Айта кетсек, 17-июль күнү куралчан топ Еревандагы полиция имаратына чабуул коюп, басып алышкан. Натыйжада 1 полиция кызматкери каза таап, бир нечеси жабыркаган. Ошондой эле 5 адам барымтага алынган. Козголоңчулар камактагы активист Жирайр Сефилянды бошотуу жана президент Серж Саргсяндын кызматтан кетишин талап кылышкан.
Дээрлик эки жума полиция имаратын барымтага алып отурган 20 козголоңчу 31-июль күнү күч кызматкерлеринин колуна түшүп берген.