“Ак-Жол унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайында 26 жаштагы кыз башка адамдын паспорту менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
1990-жылы туулган Н.Т. аттуу Кыргыз жараны эжесине тиешелүү паспорт менен Казакстанга өтүүгө аракет кылган. Анын айтымында, коңшу өлкөгө жумуш издеп бара жаткан.
Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган кыз милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.