Сокулукта жеке ишкананы карактоого шектелгендер кармалышты

Сокулукта жеке ишкананы карактоого шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 6-июль күнү белгисиз үч адам Шопоков шаарында жайгашкан жеке ишканалардын бирине кирип, кассирди жана башкы эсепчини тапанча менен коркутуп, акча алып кетишкен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, изи сууй электе кылмышка шектүүлөрдүн бири 35 жаштагы Т.М. кармалган. Ал эми экинчиси 33 жаштагы Т.А. 24-июль күнү Ысык-Көл облусунда колго түшкөн.

Учурда бул факт боюнча “каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жана кылмышкерлердин үчүнчүсүн кармоо иштери жүрүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан