Боом капчыгайында унаа жолуна түшкөн таш толук тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 2-август күнү саат 22:25 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 119-чакырымында көлөмү 300 метр куб таш түшкөн. Анын кесепетинен жолдо унаа тыгыны пайда болгон.
“3-августка караган түнү унаа жолдогу таш толук тазаланып, каттам калыбына келтирилди. Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар жана каза тапкандар жок”, - деп билдирет ӨКМ.