Бүгүн, 3-августта “Excelsior” басылмасы Уэуэтлан-эль-Гранде (Пуэбла штаты) шаарынын мэри Хосе Сантамария Савала өлтүрүлгөнүн жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Сантамария Савала унаасы менен баратканда белгисиз куралчан жарандар жолго таш тизип, аны күтүп турушкан. Мэрдин машинасы токтогон учурда куралчандар ага карата ок чыгарышкан. Оор жаракаттарды алган мэр окуя болгон жерден каза тапкан. Бул окуяга чейин мэрдин үйүнө белгисиз адамдар кирип, 1 миллион песо (болжол менен 3,5 миллион сом) акчасын уурдап кетишкен.
Эске салсак, 23-июлда Сьюдад-Альтамирано (Герреро штаты) шаарынын мэри Амбросио Сото Дуарте өлтүрүлгөн. Окуяга чейин мэрди белгисиз адамдар коркутуп, ага кат жолдогондору да айтылган. Ошол эле күнү Сан-Мигель-Чамула (Чьяпас штаты) шаарынын мэри Доминго Лопес Гонсалес каражатты туура эмес бөлүштүрүлгөнүнө байланыштуу нааразычылык акцияга чыккандардын колунан ажал тапкан.