Жыл башынан бери мамлекеттик чек араны бузган 159 адам кармалды

Жыл башынан бери мамлекеттик чек араны бузган 159 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Башка адамдын паспорту менен 51 адам, жасалма документ менен 15 адам, чек арага көзөмөл жүргүзүү учурунда 11 адам, документи жок 13 адам жана көзөмөл-өткөрүү жайдан тышкары жерден өткөн 69 адам кармалган.

Башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет кылгандардын баары Кыргыз Республикасынын жарандары. Алар жумуш издеп Орусияга же Казакстанга кетип бара жаткандар. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мамлекеттик чек араны бузгандар 5 жылга чейин эркинен ажыратылышат”, - деп билдирет Мамлекеттик чек ара кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан