Ош облусунун Алай районунда сууга чөгүп кеткен 10 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 2-август күнү саат 18:57 чамасында Будалык айыл аймагынын Кум-Шоро айылында болгон. Анда 2006-жылы туулган М.М. сууга чөгүп кеткен.
“Окуя болгон жерге ӨКМнын 68-өрт куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Саат 19:40 чамасында баланын жансыз денесин табышып, туугандарына өткөрүп беришкен”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.