Борбордогу жаңы конуштардын биринен мас абалдагы жаран асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 00:56 чамасында "Тез жардам" кызматынын нөөмөт бөлүмүнө "Кара-Жыгач жаңы конушунда жаран асынып алды" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлер 34 жаштагы мас абалдагы жаран өзүн өзү өлтүрүү максатында асынып алганын аныкташкан. Оор абалдагы жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ал тез арада ооруканага жеткирилген.