Жайыл районунда “жайлоодон жылкы уурдаган” деген шек менен 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Үстүбүздөгү жылдын июль айында милицияга Жайыл районунун 42 жаштагы К.З. аттуу тургуну кайрылып, 14-июль күнү белгисиз адам жайлоодон жылкысын уурдап кеткенин айткан.
“Бул арыздын негизинде “мал уурулук” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 34 жаштагы Б.А. аттуу жаран кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, - деп билдирди Чүй ОИИББинен.