Бишкек-Ош унаа жолунда сууга түшүп кеткен унаанын 18 жаштагы айдоочусунун жансыз денеси табылды

Бишкек-Ош унаа жолунда сууга түшүп кеткен унаанын 18 жаштагы айдоочусунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 23-июль күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 258-чакырымында орун алган. Анда Тойота унаасы менен Ауди 100 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Натыйжада Ауди 100 унаасы аккан сууга түшүп кетип, 1994-жылы туулган М. к. Айжан аттуу жүргүнчүсү (23-июль күнү жансыз денеси табылган) жана 1998-жылы туулган А. у. Кубанычбек аттуу айдоочу сууга чөгүп кеткен.

"Куткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштеринин алкагында айдоочунун жансыз денеси 2-августта саат 16:18де табылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан