Ошто Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери адам уурдоого шектелип кармалды

Ошто Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери адам уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Кытай жаранын уурдоого шектелген милиция кызматкери өткөн жумада кармалган. Ош шаардык сотунун чечими менен ал бир айга камакка алынган.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын ортосунда Ош шаарында жашап жаткан Кытай жараны жоголуп, аны издөө иштери жүргөн. Кийин жоголгон адамдын унаасы Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринде табылган, бирок азыркыга чейин өзүнүн кайда экени белгисиз болууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат”, - деп билдирди Ош шаардык ички иштер башкармалыгы.

Кылмышка шектелген жаран Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкери экени аныкталган.

Айта кетсек, 10-бөлүм мыйзамсыз миграция, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
temirov76
2016-08-03 16:39:17
Менин милициям мени коргойт.
0
Jonathan88
2016-08-03 16:47:12
Азыр тескерисинче болуп калдыго,менин милициям мени кордойт болуп калды.колунда тыйыны жокторго айып тагылып,чонтогу калындар акталып калган убакыт.
+4
Arslan12
2016-08-03 16:51:02
Кытай коп го, табылып калаттыр!
0
taraza_
2016-08-05 10:41:26
Жоголгон уйгур бизнесмен жергиликтуу элге "куйо бала" болуп алган экен.Албетте жоголгону жаман иш, бирок калган "келгиндерге" да сабак болсо жакшы болсо керек. Аларды тизгиндеп туруш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан