Бүгүн, 3-августта Дубайдын эл аралык аэропортуна конгон "Emirates airline" авиакомпаниясына таандык учак кырсыкка учурап, күйүп кетти. Кырсык жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:45те катталганын чет элдик ММКлар жазышууда.
Учак Дубайга Индиянын Тируванантапурам шаарынан 275 жүргүнчүсү менен учуп келген. Учурда жүргүнчүлөр куткарылып, андан каза болгондор жана жаракат алгандар жок экендиги айтылды. Ал эми аэропорт убактылуу жабылды.