Чүй облусунда "себепсиз ур-токмокко алган" деген шек менен 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 53 жаштагы Т.Д. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 3-август күнү саат 13:15 чамасында Маевка айылынан Равшан аттуу чала таанышы аны себепсиз ур-токмокко алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Т.Р. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.