Борбор калаада катталган жол кырсыгында 60 жаштагы аял каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түнкү саат 00:25 чамасында "Тез жардам" кызматынын нөөмөт бөлүмүнө Садыгалиев көчөсүндө жол кырсыгы катталганы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлер жеңил унаа менен КамАЗ үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, натыйжада жеңил унаанын 60 жаштагы жүргүнчүсү каза болгонун аныкташкан. Ал эми 62 жаштагы айдоочусу баш мээси чайкалып, башынан жаракат алган, ага ошол жерден алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.