Лондондо бычак менен куралданган жигит 6 адамды бычактады. Натыйжада беш адам жабыркап, бирөө каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Окуя 3-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:33 чамасында болгон. Анда бычак менен куралданган жигит көчөдө адамдарга кол салып, анын кесепетинен 1 адам каза таап, 5 адам жабыркаган.
Жергиликтүү полиция: “Кылмышка шектүү 19 жаштагы тургун ошол күнү кармалып, тергөө абагынын ооруканасына жеткирилген. Анын буга чейин психикалык оору менен жабыркап келгени аныкталды. Учурда окуянын чоо-жайы териштирилип жатат”, - деген билдирүү таратты.