Чоң-Алай районундагы Ачык-Суу айылынын үстүндөгү көлдөрдүн бири жарылган деп божомолдонууда. Бул тууралуу 4-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, Така дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Кашка-Суу айыл аймагынын карамагындагы 4 ички чарбалык каналдын баштарынан болжол менен 30-35 метр аралыгын суу жеп, 150 метр жерине шагылдар толуп калган. Ошондой эле айыл аймактын карамагындагы узуну 8 метр, туурасы 5 метр болгон 1 ички чарбалык көпүрөнү жана 2006-жылы айыл аймак тарабынан курулган узуну 8 метр, туурасы 4 метр болгон 1 ички чарбалык көпүрөнү алып, сайга түшүрүп койгон.
"Жаан-чачын жааган эмес, турак жайларга жана эгин талааларына зыян келген эмес, бирок суу кайдан келгени белгисиз болууда. Айылдын жогору жагында жайгашкан 3 көлдүн бири жарылган деп божомолдонууда. Аталган көлдөргө баруу үчүн ат менен 5-6 сааттык убакытты талап кылгандыктан, райондогу Жарандык коргонуу комиссиясы 4-августта бара турган болду", - деп билдиришти ӨКМдан.