Москва районунда 3 унаа сүзүшүп, 1 адам каза тапты

Москва районунда 3 унаа сүзүшүп, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы таңкы саат 05:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 57-чакырымында орун алган. Анда 3 унаа сүзүшүп, натыйжада 1 адам каза болуп, 4 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар унаанын ичинде каза болгон адамдын денесин чыгарышып, ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган адамдар "Тез жардам" менен райондук ооруканага жеткирилишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан