Орусиянын Уссурийск шаарынын 1978-жылы туулган жараны эки айда өз үйүнө 893 мигрантты каттатып алган. Ага шаардык прокуратура Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "жасалма каттоо" беренесине ылайык кылмыш ишин козгоп, ишти сотко жибергени прокуратуранын расмий сайтына жарыяланды. Каттоого тургандар Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан жана Кыргыз Республикасынын жарандары. Маалыматта алар Орусиянын аймагына кирүү тартибин бузгандыгы үчүн айыпка жыгылышары айтылган.