Борбор калаада алдамчылык фактысына шектелип 30 жаштагы жаран кармалды

Борбор калаада алдамчылык фактысына шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 20 жаштагы Б.Ш. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал 20-апрель күнү Москва-Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Р. аттуу чала таанышы алдоо жолу менен 3600 доллар акчасын алып кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 30 жаштагы Т. Р. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан